Бишкекте ичимдик ичип алып, аялын 3 күн бою сабаган күйөө кармалды. Шектүү президенттик аппаратта иштеп кеткен

Бишкекте спирт ичимдигин ичип алып, үч күн бою аялын сабаган деп шектелип С.Т. аттуу жаран кармалды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, шектүү кечээ, 10-апрелде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Октябрь РИИБине аял киши арыз менен кайрылган. Арызда анын күйөөсү ичимдик ичип алып, 3 күндөн бери сабаганы жазылган. Мындан улам ал күйөөсүнө чара колдонуп берүүнү суранып, милицияга кайрылган. Ал эми шектүү 2015-жылы президенттик аппараттын экономикалык талдоо бөлүмүндө эксперт болуп иштеп, 2019-жылы бул кызматтан бошотулган. Учурда ал президенттик аппаратта иштебейт. Бул факты боюнча тийиштүү медициналык экспертизалар дайындалып, шектүү камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Belek1710
2020-04-11 15:12:23
Мына сага адептүү, акылдуу дегенибиз!
+6
katerina.li
2020-04-11 15:32:44
Сразу эле ишьебейт деп салыштыго. Анда кай жерде иштейт казыр??
+5
Avrora2017
2020-04-11 22:50:24
katerina.li,esh jakta ishtebegen alkashko uch kun boiu arak ichse kyzyl tumshuk bolso kerek
+1
tina-Tin
2020-04-11 15:44:45
Ушул карантинде алкоголдук ичимдиктерди дагы сатканга тыйуу салыш керек. Ким колдойт.
+32
natasha00
2020-04-11 16:25:43
Бул Президенттик апаратта Мамлекеттик кызматта иштеген адамда ошондой болобу?Бир окубаган акылы тайкы адам кылса и ага жетишпейт десен жарашат,1аялын жакшы соз мн башкаралбаса анда тим боле, мамлекеттик кызматта элге созу отуп иштей албайт!
+8
katerina.li
2020-04-11 17:09:08
natasha00,азыр диплом жон эле сатылат
+10
KalenAlmaz
2020-04-11 18:31:30
Кыскасы зеерикбепсинда карантинде аракты ичсен катынды урсан (физичиский урдунбу же же урдунбу)
-9
Saitov79
2020-04-11 18:42:51
Эн алсыз эркек аялын урат дейт Аллах жазанды берсин
+4
bond02
2020-04-11 18:48:10
Аялы акчаны экономдобой койгон го менимче.
-7
DNurgiza
2020-04-11 19:28:14
Себеби эмнеде экен?
-1
Mina24
2020-04-11 20:24:58
Кой каргашпай сабырдуу болгула бир туугандар тенелбегиле андай озу бокторго кудайым жазасын озу берет
+5
rola
2020-04-11 22:03:39
Эрди-катын урушат,ээси кеткен киришет.Эртен эле жарашып алышса тан калбайм.Кол которгон эркектерге соз жок,алсыз эркек аялына кол которот.Балдарынын апасыго!
+3
admin_portal
2020-04-13 12:36:22
Shekeev969798, коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтыргандыгы үчүн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан