Орусиялык теле алып баруучу Ольга Бузованын кезектеги дагы бир видеосу интернет колдонуучуларынын кыжырын келтирди. Ал социалдык тармактагы баракчасына ваннага тез даярдалуучу кесмени толтуруп, ал сууга кесме менен жуунгандай көрсөткөн видеосун жүктөгөн.
Видеодо Бузова кесмени ваннадан алып жеп, тузу жок болгон үчүн жагымсыз болуп жатат го деген тамашалуу сөздөрүн айткан. Мындан тышкары анын денеге тийген учуру да ага жакпай жатканын көрсөткөн.
Мындай челленж шоу-бизнес өкүлдөрүнүн арасында жүрүп жатканын орусиялык басылмалар жазышууда. Бузованын кесме толтурулган ваннада "жуунганы" блогер Гуссейн Гасановдун тапшырмасы болгон. Бузовага берилген тапшырмалардын арасында чачын кыркуу, телевизорунун экранын сындыруу, кымбат баалуу 3 көйнөгүн өрттөө да бар. Бул тапшырмаларды Бузова аткарган.
Гасановго Бузова гелендваген унаасынын алдыңкы терезесин сындырууну буюрган. Шоу-бизнес өкүлдөрүнүн бул челленжине көпчүлүк туура эмес деген пикирин жазышууда. Өзгөчө карантин учурунда жумушсуз, курсагын тойгузуунун амалын ойлоп отургандар көп. Силердин бул жоругуңар аларды шылдыңдоо деген сыяктуу комментарийлер жазылган. Арасында кызыктуу челленж дегендер да бар.