Түркиянын Стамбул шаарында жашаган ырчы, "Жылаңач баатыр" долбоорунун катышуучусу Саниа учурда музыкалык сынакка катышып жатат. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.
"Түркияда кавер версияда ыр жаздыруу боюнча "Klip kulup" деген аталышта музыкалык сынак жүрүп жатат. Катышуучулар каалаган ырын кавер версияда аткарып, сынактын расмий баракчасына жөнөтүшү керек. Кимдин версиясы көп каралып, көп комментарий жазылып, "лайк" чогултса, ошол жеңүүчү деп табылат. Жеңүүчүгө башкы белек катары бекер клип тартып берилет. Сынак 2 айга созулат. Бул жакта клип тартуу аябай кымбат. Эң арзан дегенде 3000 долларга тартышат. Андыктан мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгаргым келген жок. Колдон келишинче Кыргыз өлкөсүн жакшы жактан таанытсам дейм", - дейт Саниа.