Ырчы Айпери Кубик кызы күйөөсүн ачыкка чыгарды. "Жолдошумду көрүүгө кызыккандар мынчалык көп деп ойлогон эмесмин" дейт ал

Ырчы Айпери Кубик кызы бир күн мурун социалдык баракчасына "Күйөөң каякта? Эмнеге көрсөтпөйсүң?" деп сурагандар көп болууда. Эгер ушул сүрөт 100 миңден ашык "лайк" чогултуп, 10 миңден ашуун комментарий жазылса, эртең бетин көрсөтүп чыгарам" деген билдирүү калтырган.

Ырчы айымдын жолдошун көрүүгө кызыкдар болгондор ушунча көп экен, бат эле сүрөт 10 миңден ашуун комментарий чогултту. Эртеси ырчы айым төмөнкүдөй билдирүү менен жолдошу экөөнүн видеосун жүктөдү.

"Менин 2 жылдан бери бекиткен жолдошум. Жакшыбы-жаманбы, балдарымдын атасы. Кудайым сени маңдайыма жазган экен, буюрса, түбөлүккө биргебиз. Өзүң каалагандай көп балалуу бололу. 2 жылда канча күндү өткөрдүк. Ачуусу да бар, таттуусу да бар... Канча түшүнбөстүктөр болду. Билем, кызганчааксың. Бирок мен сага сөз тийгизбейм! Мен сага ишенем! Мени колдогонуңа, түшүнгөнүңө ыраазымын!
Жолдошум кыргыз, 1986-жылы туулган. Аты Шухрат, Сүлүктү шаарынан болот. Жөнөкөй, карапайым үй-бүлөнүн уулу. Элдин алды эмес, арты эмес, орто жашайбыз," - деген ырчы.

Айпери SUPER.KG порталына комментарий мынча көп жазыларын күтпөгөндүгүн айтты.

"Мен чынында сүрөткө 10 миңден ашуун комментарий жазылат деп күткөн эмесмин. Ошон үчүн күйөөмдүн бетин көрсөтөм деп жазгам. Бир суткага жетпей эле комментарий мен айткандан да ашып кетти. Андыктан сөзүмдө туруп күйөөмдүн бетин ачыктадым. Жолдошум эл көзүнө чыкканды жактырчу эмес, аны да эптеп көндүрдүм", - дейт ырчы.

Айпери Кубик кызы күйөөсүн ачыкка чыгарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
natasha00
2020-04-14 17:23:39
Бактылуу болсун,красавчик экен, бирок коп эле ХХХХ бербечи Айпери жаштыгын калган жок, уже энесин 2баланын.1чи куйоон да абдан жакшынакай бала эле жалька колдон чыгардын. Менимче отоле ХХХХ окшойсун!
-3
Aidar.001
2020-04-14 17:26:59
natasha00,Наташа давай-давай
+3
Store
2020-04-14 22:00:57
natasha00, Таня давай давай, так держать.
+1
rola
2020-04-14 18:47:36
Тээги кыргызга жакындашпайт куйоон.
+4
Dembele84
2020-04-14 19:00:44
Щухрат дейби,тууганбарданбы мунусу Эми ыя?
+4
Jaka78
2020-04-14 20:12:31
Озбек же таджик аралаш ,метис окшойт ээ,таза кыргызга окшобойт го
+3
Avrora2017
2020-04-14 20:32:16
Bunun kouusu kimge kerek eken katyp juro berbeibi jarialabai ushuda novost beken, andan koro kumtor jonundo jazgylachy chyn ele okmot kumtordu satkan jatyshaby ,. Eldin baaryn kamap koup karatnde
+2
Pikir-add
2020-04-15 03:53:18
Avrora2017, көпчүлүк адамдарга турмушунда жөнөкөй баарлашуулар ( не хватает простого общения)жетишпейт.
Саясий маанилүү темада сүйлөө үчүн ошол жактын очоканасындагылардан сураш керек !!!
-2
Gukush8993
2020-04-14 20:36:14
Ириген ооздон чириген соз чыгат Аман болгула айланайын.Ким эмне кылса да озу билсинчи.
-4
Kanybekkyzy
2020-04-14 22:37:12
Бактылуу болгула!!!
+1
Goodyer
2020-04-14 22:40:45
Кыргыз табылбаптырбы? Айперичкага)
+3
Nuri1988Elim2010
2020-04-14 23:28:47
Азыркы кырдаалда ким кимге тиет, ким кимдин эри эмне кереги бар, бул жакта карапайым эл күнүмдүк тиричилик деп баш катырып отурган убакта, канткенде аты жамандан кутулабыз, эртерээк жок болсо экен деп тиленип отурсак, булар болсо челендж дейби,эми ошодон өтүп эрлерин реклама кылганы өтүштүбү
+2
Pikir-add
2020-04-15 03:42:49
Nuri1988Elim2010, илдеттин баары караңгылыкта ар бир нерсенин өз орду бар го дейм
Аптекага кирип насос издегендердин катарын толуктабайсызбы?
-2
Nuri1988Elim2010
2020-04-15 09:38:24
Pikir-add, ар ким өзү кандай болсо өзгөнү ошондой ойлойт деген кеп туура чыгар, эмне кереги бар жеке жашоосун жарыялап, мурунку ырчылар эч бир нерсе чыкпайт, өздөрүн жарыялабайт
+2
Jamalym
2020-04-15 02:45:06
Билбейм, ырчылардын жеке жашоосуна кызыкпайм.
+3
Pikir-add
2020-04-15 03:57:17
Бар болгула Кыргыздар!!!
Бактылуу болгула !!!
Көөөп балалуу болгула гыжы гужу көбөйө бергиле!!!
0
Birimdik5555
2020-04-15 08:17:23
Pikir-add,сен Айпери окшойсун а,бактылуу болгула
0
Pikir-add
2020-04-15 09:28:52
Birimdik5555,
Эмнеге андай ойлодуңуз?
Ал оюңуздан кайтыңыз!!!
0
katerina.li
2020-04-15 11:14:38
Ушу жерде жалан ушакчы эркектер чогулган . Айперинин а сына жетпей,ХХХХ дегендер толтура
+1
admin_portal
2020-04-15 11:37:31
Baian, Ozon, katerina.li, жеке айтышууларга жол берилбейт. Акыркы Эскертүү!
+2
jama9210
2020-04-15 13:25:34
Айперишка бактылуу бол!
0
Snare
2020-04-15 14:12:17
Ким кызыкты бир факт корсотчу))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан