Бишкекте турак үйдөн өрт чыкканы тууралуу окурман билдирүү жасады. Бул боюнча ӨКМга кайрылганыбызда өрт чыккандыгы тууралуу нөөмөт бөлүмгө билдирүү келип түшкөнүн айтты.
"Алдын ала маалымат боюнча, 14-апрелде саат 15:37де Бишкек шаарындагы Елецкий көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылды. Кошумча маалымат берилет", - деди мекеменин басма сөз катчысы.