18-апрелге белгиленген "UFC 249" турнири 9-майда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Дана Уайт маалымат булактарына берген маегинде билдирген.Маалыматка ылайык, Дана Уайт турнир кайсыл жакта өтөөрүн айткан эмес.
Бул турнирдин башкы беттеши болуп Жастин Гейджи менен Тони Фергюсондун жолугушуусу болот. Ошондой эле Генри Сехудо жана Доминик Круздун, кыз-келиндер арасында Аманда Нунис жана Фелиция Спенсердин беттеши өтүшү күтүлүүдө.
Ал эми турнирдин жаңылыгы болуп Энтони Петтис жана Дональд Серроненин реванш беттеши болуп калышы мүмкүн.