Биз социалдык тармакта

"Ак шумкарлардын" мурунку оюнчусу Рустам Закиров мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын мурунку оюнчусу, бишкектик "Илбирс" футболдук клубунун балдар машыктыруучусу жана белгилүү футболчу Рустам Закиров 30 жашында бүгүн, 15-апрелде мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Рустам Закиров белгилүү машыктыруучу, кочкор-аталык "Нефтчи" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Нематжан Закировдун уулу.

Ал Улуттук курамада 2007-2010-жылдары ойногон.

Рустам Закиров канттык "Абдыш-Ата" клубу менен КПЛдин (Кыргыз Премьер-Лигасы) коло жана күмүш байгесин жеңген. Ушул эле клуб менен Кыргызстан Кубогунун 3 жолку ээси болгон.

2012-жылы бишкектик "Алга" клубуна кошулуп, ошол эле жылы КПЛдин күмүш байгесин жана 2014-жылы коло байгесин жеңип алган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Рустам Закировдун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Adil18
2020-04-15 20:06:11
Жаткан жери жайлуу,
Топурагы торко болсун.
Аз омур сурсо дагы,ийгиликтерди жаратып кетиптир.
Билип билбей кылган куноолорун кудайым кечирген болсун.Бейиштен орун насип кылган болсун.
+16
Myrzan
2020-04-15 23:04:27
Жаш кетиптир,абдан окунучтуу! Жаткан жери жайлуу болсун!
+8
ilgizk
2020-04-15 23:30:46
АЛЛАХ өзүң сакта.
Намаз окуш керек жашбы каарыбы качан олоорубузду билбейбиз.
+5
Sultanim
2020-04-16 01:10:17
Кочкората шаарын чоң тамга мн жазбайсынарбы?
0
Sogushov
2020-04-16 01:24:00
Sultanim,а Бишкектичи)))))
0
SHAHDAR
2020-04-16 08:02:06
Sogushov менен Sulatanim ХХХХХ.
Билбегенден кийин уят болуп коментарий жазбай эле койгула да. Туп туура жазылган.
А тема боюнча, эмнеден улам каза болуптур?
+6
Jaka78
2020-04-16 09:30:00
өтө өкүнүчтүү
+5
Timurlan2017
2020-04-16 09:35:11
Ээх жаман болуптур. Жаткан жери жайлуу болсун. Жакындарына конул айтам.
+5
MIRBOLOT
2020-04-16 19:11:15
Ыйманы саламат болсун, Аллахым билип билбей кылган күнөөлөрүн кечирсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан