Ушу спорту боюнча Кытайда өткөн эл аралык мелдеште Кыргызстандын курама командасы 24 медаль утушту. Бул тууралуу КРнын Ушу федерациясынын президенти Евгения Лопаткина 30-августта билдирди. Мелдеш Кытайдын Эмэйшань жана Цзяоцзо шаарларында өтүп, ага 3 миңдей спортчу катышты. Кыргызстандык спортчулар 10 алтын, 5 күмүш жана 9 коло медалга ээ болушту.