КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Кыргыз өлкөсүнүн аймагын Кытайдын жери болгон деген макала боюнча: "ТИМ сөзсүз түрдө реакция кылышы керек болчу". КҮНСОБОЛ

Кытайдын басылмалары Кыргыз өлкөсү жана Казакстан жайгашкан аймак мурда Цин империясына караштуу болгон деген макала жарыялашты. Макала Кытайдын "toutiao.com" аттуу белгилүү сайтына 11-апрелде жарыяланганын "Азаттык" жазып чыкты.

14-апрелде Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурышев Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяону чакырып, сөз болуп жаткан макаланын мазмунуна нааразы экенин билдирип, Бээжинге нааразычылык нотасын жолдоду. Азырынча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги маалыматка реакциясын билдире элек.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кытайдын белгилүү сайттарында Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын аймактары Кытайдын жери болгон деген мааниде макалалар жарыяланганы талкууга түшүп жатат. Казакстан Кытайга нааразычылык нота жибергени белгилүү болду. Кыргыз бийлиги, Тышкы иштер министрлиги да реакция кылышы керек беле?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков бул мамлекеттик масштабда болуп жатпаса да Тышкы иштер министрлиги тарабынан реакция болушу зарыл экенин белгиледи.

"Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги бул окуяга байланыштуу өзүнүн позициясын билдирип, реакция кылыш керек болчу. Бул мамлекеттик масштабда болуп жаткан нерсе эмес. Бирок ошол эле учурда бул жабык түрдө өзүнүн элин экспансияга даярдоо маселеси ачык эле көрүнүп тургандай", - дейт Султанбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан