Тотомидин жана Сурма дуэтинин ырчысы Сурма уулдуу болду

"Ошко", "Бишкек-Каракол", "Ай кызым" жана башка ырлардын аткаруучулары Тотомидин жана Сурма дуэтинин ырчысы Сурма Тургуналы кызы уулдуу болду. Жакшы жаңылыгы менен ырчы айым SUPER.KG порталына бөлүштү.

"Кечээ, 16-апрель күнү Бишкектеги төрөтканалардын биринде уулумду аман-эсен жарыкка алып келдим. Коронавирус эпидемиясынан төрөтүм кандай болот экен деп чочулап жаттым эле, Кудайга шүгүр, баары жакшы болду. Уулубуздун салмагы 3 килограмм 600 грамм, бою 52 сантиметр. Улуу кызым 3 жашка чыгып калды. Азырынча уулубузга бир ысымды тандай элекпиз", - дейт Сурма.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Dembele84
2020-04-17 13:37:19
Мен бул кызды Тотомидиндин Экинчи аялы болсо керек деп жургом
-3
Nemo_0587
2020-04-17 13:46:22
Бул ошондо эки ырчы эрди катынбы
-3
akmanai
2020-04-17 13:55:46
Сурма менин жердешим Тотомидин байке дагы. Экоосу тага-жээн туугандар! Сурманын ата-энеси аябай жакшы адамдар! Балдары да тарбиялуу,таланттуу! Эрди-катын деп ойлогондор ушактын баары силерге окшоп билип билбей эле ар кайсыны ойлоп, суйлой бергенден чыгат))) Тамаша талап кетпениздер анан. Сурма бешик боонор бек болсун! Акылдуу,ыймандуу силер сыймыктанган элдин уулу болсун!
+6
rususu
2020-04-17 14:35:23
Уулунардын атын Каролхан койгула
-3
Belek1710
2020-04-17 15:08:27
Бактылуу болсун! Атасын дагы жазып койсо болмок да Сурма баланча менен уулдуу болушту деп. Сурма эри жок төрөгөндөй болуп калыптыр
+7
ZUXRIDDIN20
2020-04-17 16:00:04
Кайжерден болушат бул ырчылар
0
Dima85z
2020-04-17 17:20:41
Чаткалдан
+4
Dima85z
2020-04-17 17:23:17
Менин байкем Тотомидин карындашым Сурма ойлонуп сүйлөгүлө бее десе төө дебей карындашым бешик бооң бек болсун
+3
nuke-85-85
2020-04-17 20:51:15
Уулундун атын Тотомидин кой
-3
Dorukchum
2020-04-20 13:48:25
Кызы дагы бар экен го а, мен эми угуп жатам бойдок деп ойлочу экемин, Сурма бча дагы толук маалымат берсеңиздер болот экен интервью алгылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан