Бир нече саатта 1 миллиондон ашык катталуучу. Белгилүү актёр Жонни Депп Инстаграмга катталды

Америкалык актёр Жонни Депп Инстаграм социалдык тармагына катталды. Буга чейин ал социалдык тармактарда баракча ачуудан баш тартып келген.
Алгач эле өзүнүн баракчасына "Баарыңа салам, сиздер үчүн кызыктуу нерсе тартып жатам" деген билдирүү жазган. Андан соң ал эмне үчүн баракча ачканын түшүндүргөн видео жүктөгөн.
"Бул менин социалдык тармактардагы болгон алгачкы тажрыйбам. Буга чейин баракча ачкан эмесмин, дайыма анын мага эмне кереги бар деп ойлочумун. Азыркы тапта айланадагылар менен сүйлөшүп баштоого туура келди, анткени көрүнбөгөн душман коркунуч туудуруп, адамдардын жашоосуна чоң зыянын тийгизип жатат", - деп айткан актёр видеодо.
Капитан Жек Воробей өзүнүн колдонуучуларына бири-бирине кам көрүүгө үндөп, карантинде жаткан адамдарды чыгармачылык менен алектенүүгө чакырган.
Бир нече сааттын ичинде эле актёрдун баракчасына 1 миллион 700 миң адам катталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
pat12
2020-04-17 15:07:48
Эн соонун актер молодец. Фильмдери жакшы.
0
Ozon
2020-04-17 22:23:22
Самарага окшоп фейк аккаунттар менен подписчик топтободу. Азамат. Эл чыныгы кумирлерин ушундай кылып эле баалап алышат. Биздин жарма ырчылардын подписчиктеринин 50-70%ти жасалма, фейк подписчиктер......
+2
natasha00
2020-04-18 05:30:10
Козу ачыкбы бул шам койуп отурат го)
0
Bekish-
2020-04-19 18:10:24
natasha00,Ал кинодон алынган го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан