Аксыда жеңесин кайниси бычактап, жабырлануучу ооруканага жетпей каза болду

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарында жеңесинин өлүмүнө шектелип, кайниси кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 18-апрель күнү болгон.

"1985-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаранды өзүнүн үйүндө 30 жаштагы Т.Т. аттуу бир тууган кайниси бычак менен ич тарабына сайып жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон.

Бул факты Аксы РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда шектүү кармалып, териштирүү иштери башталды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдун артында 3 уул, 1 кызы калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KalenAlmaz
2020-04-19 12:54:35
Кудай сакта!балдарын жетим кылыпсын да акылы жок.
+13
asanaliev.s
2020-04-19 13:52:07
Колун сынгыр турмодо чирисен екен.
+11
talaa11
2020-04-19 14:34:14
Кийин ушул келиндин уч баласы сага кун коргозбойт чонойгондо. Буларды коргондо качасын же жер тиктеп журуп каласын акылы жок пан баш
+13
sirenaaaaa
2020-04-19 16:21:15
Ой тообо, адамдар эмне болуп баратат
+1
s.malejo
2020-04-19 17:02:36
Куйоосун тааныйт элем,аявай жакшы аке.бирок укосу бир аз тентек деп укканбыз.аябай окунучтуу
+6
Nuri1988Elim2010
2020-04-19 17:16:08
s.malejo,аялы Ала-Букадан болот беле? Өкүнүчтүү окуя
+2
dobrajelatel
2020-04-19 22:09:05
Атайын бычак сайбаса керек. Ачуу устундо болгон окуя да. Сабр баарына. Ото жаман окуя болуптур.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан