Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 14 жаштагы өспүрүм кыз боюн таштады

Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринен 14 жаштагы өспүрүм кыз боюн таштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 19-апрель күнү саат 17:05те Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө көп кабаттуу үйлөрдүн 7-кабатынан өспүрүм кыз секиргени боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Октябрь РИИБинин ыкчам иликтөө тобу барган.

"7-кабаттан боюн таштаган кыз 2006-жылы туулган М.Э. аттуу окуучу болгон. Ал "Тез жардам" кызматы келгиче окуя болгон жерден каза болуп калган. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Danysh1
2020-04-19 22:05:34
Атигин ай жаш секелек кызга не себеп болушу мумкун тыкыр изилдеш керек уйбулоо мучолорун психологиялык жактарын.
+1
ZUXRIDDIN20
2020-04-19 23:46:45
Карантин каттуу тасир кылган окшойт

Менделе айылда үйдун короосунан нары чыкпай зеригип, ар деке болуп кеттамынго
+2
Baktyluu-bolchu-jalgyzym
2020-04-20 15:03:44
Карантинде сыгылып мен деле бир нерсенин үстүнөн секирип ийгим келтат. Кородон сыртка чыкпай. Качан бүтөөөт.
-1
AidaKurman
2020-04-20 15:31:49
Baktyluu-bolchu-jalgyzym,Сабырдуу болунуз. Буйруса баары Жакшы болот.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан