Жалал-Абадда 10 жашар кызды зордуктаганга шектелген жарандын иши сотко өтөт

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жашар кызды зордуктаганга шектелген жарандын иши ушул айдын аягында сотко жөнөтүлөт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Буга чейин Ноокен РИИБине кайрылган жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын жашы 20-25 чамасындагы бала коркутуп, күч колдонуп, зордуктап койгондугун билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "зордуктоо" беренеси менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ноокен районунун 2000-жылы туулган А.А. аттуу тургуну кармалган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүүнүн жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кылмышка тиешелүү делген далил буюмдар табылган.

Андан сырткары жабырлануучу шектүүнү тааныгандыгы туурасында көрсөтмө берген. 5-февраль күнү Ноокен райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан шектүү 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Raihan0602
2020-04-20 23:20:43
Эң оор жаза бериш керек мындай айбанга.Кастрацияны срочно законго киргизмейин мындай ыплас нерсе токтобойт көрүнөт.Жөн эле сөз үчүн (бийлике жакпай калса)камай салышат а бул жерде секелек кыздын тагдырын талкалап таштады го эмнеге мындай иттерге боорукерлик кылышат түшүнбөйсүң
0
NURSAPAR
2020-04-21 10:06:14
Ушундай эшектерди атып эле салыш керек.
0
rola
2020-04-21 16:20:57
ХХХХХБашкаларга да сабак болсун.Эн оор жаза киргизиш керек,болбосо турмодон чыгып дагы кайталайт кылган ишин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан