Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген күйөөнүн иши тергелип бүтүп, соту башталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, соттук отурум учурда болуп жатат.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн. Окуя 4-январь күнү болгон. Келиндин күйөөсү кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Ал эми жабырлануучу окуяны мындайча айтып берген.
7-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйөөсү бензин чачып, өрт коюп жиберген келин тосмо арыз жазып берген.