"Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетти деген маалымат фейк" деп бүгүн, 20-апрелде өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Социалдык тармактарда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев отставкага кетти деген маалымат тарады. Бул маалымат фейк, чындыкка дал келбейт. Өкмөт башчы эс алуусуз жумушун улантып жатат. Мүмкүн кээ бирөөлөр мындай жол менен Абылгазиевдин премьер-министр болуп дайындалышынын 2 жылдыгы менен куттуктагысы келген", - деп жазат Султаналиев.