Коомчулукта резонанс жараткан окуя, баласын "отжимание жаса" деп сабаган ата 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"17-апрель күнү социалдык тармакта тараган атанын баласын сабаган окуя боюнча, 1985-жылы туулган Кыргыз жараны Ж.Э.ге карата Орусия Федерациясынын кылмыш жаза кодексинин 117-беренеси (уруп-согуп кыйноо) жана 156-беренеси (жашы жете электи тарбиялоодо милдетин аткарбоо) боюнча кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен кылмышка шектүү 2 айга камакка алынды", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 17-апрель күнү интернет талаасына баласына зомбулук көрсөтүп, "отжимание жаса" деп ур-тепкиге алган атанын видеосу тараган. Кийинчерээк баласына кордук көрсөткөн Кыргыз жаранынын аты-жөнү аныкталып, изделип жаткандыгы кабарланган. Баланын апасы алардын башка багар-көрөрү жоктугун айтып ыйлап, коомчулуктан кечирим сурап кайрылган видеосу да тараган.