Бостериде түндө эки жаран белгисиз адамдар тарабынан сабалды

Ысык-Көл районунун Бостери айылында эки жаран белгисиз адамдар тарабынан сабалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-апрелде болжол менен саат 22:00 чамасында Ысык-Көл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Маалыматта Бостери айылынын 1987-жылы туулган тургуну Н.С. аттуу жаран сабалып, ооруканага жеткирилгени айтылган.

Териштирүү ишинде сабалган жаранды Бостери айылынан белгисиз бирөөлөр сабап кеткени аныкталган.

"Эки адам сабалган. Бирине амбулатордук жардам көрсөтүлсө, экинчиси учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө кызматы шектүүлөрдүн аты-жөнүн аныктоо иштерин жүргүзүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан