Президент Сооронбай Жээнбеков ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.
Аталган мыйзам менен ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана күчөтүлгөн даярдык режиминде ыкчам мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында (Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер) жана 21-беренесине (Түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алуулар) айрым өзгөртүүлөр киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.