Ош жана Жалал-Абад облустарында жер титирөө катталып, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 21-апрель күнү саат 17:50дө Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кыргыз-Гава айылдарында, Сузак районунун Соку-Таш айылында- 3 балл, Сузак районунун Ак-Тоок, Кара-Март айылдарында, Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь, Карача, Советское, Гөлөгөн, Чкалов айылдарында, Ноокен районунун Тоскоол айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
22-апрель күнү саат 05:24тө Кыргыз Республикасы менен Тажик Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында – 3,5 балл, Жаш-Тилек, Чак, Кара-Шыбак, Кулчу айылдарында 3 балл, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.