Белгилүү америкалык актриса, ырчы Женнифер Лопес Инстаграм баракчасына авторду белгилебей, сүрөт жүктөгөнү үчүн фотограф сотко берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Нью-Йорктук фотограф Стив Сандс Женнифер Лопести жана анын продюсердик компаниясын анын сүрөтүн мыйзамсыз колдонгон деп күнөөлөдү. Маалыматка ылайык, "Көктүн түстөрү" ("Оттенки синего") сериалына тартылуу учурунда актрисаны фотограф сүрөткө тарткан. Ал сүрөттү актриса 2017-жылы Инстаграм баракчасына жүктөп, авторун көрсөткөн эмес. Сандстын айтымында, Жей Ло сүрөт үчүн ага акча төлөгөн эмес жана сүрөттү өзүнүн жеке брендин өнүктүрүү үчүн колдонуп, 600 миңден ашуун "лайк" чогулткан. Сандс андан эч кандай пайда көргөн эмес жана келтирилген чыгым үчүн 115 миң доллар төлөп берүүсү керектигин айтып сотко кайрылган.
Бул тууралуу актриса тараптан азырынча эч кандай реакция боло элек. Сүрөт деле өчүрүлгөн эмес.