Маркум Элмирбек Иманалиев "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен парламенттик шайлоого бармак. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде SUPER.KG порталына аталган партиядан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" менен куудул Рахман Разыков дагы парламенттик шайлоого барат. "Рахман Разыков башынан эле аталган партияда", - деп билдиришти партиядан.
20-апрелде Элмирбек Иманалиев оорудан улам каза болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн, 22-апрелде жерге берилди.