Карылык кеп бекен? 70 жаштагы актёр Ричард Гир үчүнчү ирет уулдуу болду

Голливуд жылдызы, актёр Ричард Гир үчүнчү ирет ата болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ымыркай 70 жаштагы Ричард Гир менен 36 жаштагы жубайы Алехандра Сильванын ортодогу экинчи баласы. Учурда ата-энелер Нью-Йорк шаарынан алыс эмес ранчосунда изоляцияда жашап жаткандыгы айтылууда.

Эске салсак, америкалык актёр 2 жыл мурун Алехандрага баш кошкон жана былтыр февраль айында түгөйлөрдүн биринчи уулу Алехандро жарыкка келген.

Кошумчалай кетсек, Ричард Гир менен жубайы экөөнүн тең мурунку турмушунан бирден уулдары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2020-04-22 18:49:56
Атын Жетимиш коет экен да баласынын.
+6
gitaris93
2020-04-22 18:56:04
Жетимиштин өмүрү узун болсун
+6
Accord.396
2020-04-22 19:02:49
Аа Жетимииш Ричард Гир красапчик брат дагы аракет кылабер !
+6
Telibaitentek
2020-04-22 19:36:31
Калта какты деген ушулда
+4
-Sumitra-
2020-04-22 20:02:44
80ге чыкпай олуп калса,эмне болот экен?Аялы дагы башкага тийеби?
-3
Kyrgyz40
2020-04-22 21:26:00
Ричард Гирдин кошунасы шустрый эмеспи деги)
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан