Эртең ат оюндарынын жыйынтыгы чыгарылат

31-августта “Аккула” ат майданында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Президенттин Кубогуна арналган ат оюндарынын жыйынтыгы болот. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Саат 9:30да көк бөрүнүн 3-4-орунга болгон оюну болот. Андан соң 11 000 метрге кунан чабыш (5 айлампа), 16 000 метрге топ байге  (7 айлампа), жамбы атмай, 11 000 метрге жорго салыш (5 айлампа), 25 000 метрге аламан байге (11 айлампа), көк бөрү оюнунун 1-2-орунга карата финалдык оюндары болмокчу. Мелдештердин соңунда байгелерди тапшыруу аземи болуп, саат 15:00дө ат оюндары аяктайт.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан