Бишкекте Мерседес-Бенц унаасы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 46 жаштагы аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантурасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 22-апрель күнү саат 17:00 чамасында Тыныстанов Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"Мерседес-Бенц унаасын 25 жаштагы Б.Б. аттуу айдоочу айдап бара жаткан. Ал жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн 1974-жылы туулган М.А. аттуу аялды сүзгөн. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип, жабырлануучу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.