КИНОЗАЛ! Жаңы тасма: Билим алуу үчүн калп айтканга мажбур болгон өспүрүмдүн окуясын чагылдырган "Жылдыз" тасмасы SUPER.KG порталында

Бүгүнкү күндө компьютердик технология адистигине суроо-талап өсүүдө. Дал ошол кесипти тандоо жолунда калган өспүрүм тууралуу тасма жарыкка чыкты. Бул социалдык тасманы SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнөн көрө аласыз.

Тасма таенесинин колунда тарбияланган Жылдыз аттуу кыздын окуялары менен өнүгөт. Анда 15 жаштагы өспүрүм айылдардын бириндеги мектепте билим алат, келечекте программист болгусу келет. Компьютердик технология боюнча билим алуу үчүн Бишкекке аттанат. Бирок Жылдыз таенесине айыл-чарба колледжинде окуйм деп калп айтат.

Борбор калаада билим алып жүргөн Жылдыз жаңы нерселерди ачат, ага эл аралык сынакка катышууга мүмкүнчүлүк жаралат. Албетте, окуя мындан ары бактылуу мүнөттөр менен уланбайт. Анткени Жылдыздын таенеси небереси калп айтканын билип, ортодогу мамиле бузулат. Өспүрүм сынакка катышабы же чоң энесинин жанына барып, мамилесин жөнгө салабы тасмадан көрүңүз.

Тасманын режиссёру Тилек Чериков, продюсерлери Максат Тулеев жана Азим Толеев. Бул тасмада белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова дагы роль жараткан.

"Жылдыз" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан