Бостери айылында сабалган жарандардын окуясы боюнча шектүүлөр кармалды

Ысык-Көл районунун Бостери айылында белгисиз адамдар тарабынан сабалган эки жарандын окуясы боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы бүгүн, 23-апрелде каралат. Алардын бири мурда соттолгон. Кармалган эки шектүү тең Бостери айылынын тургундары.

Буга чейин 20-апрелде болжол менен саат 22:00 чамасында Ысык-Көл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Маалыматта Бостери айылынын 1987-жылы туулган тургуну Н.С. аттуу жаран сабалып, ооруканага жеткирилгени айтылган.

Эки адам сабалып, бирине амбулатордук жардам көрсөтүлсө, экинчиси жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан