Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына арналган онлайн концерт өтөт

Дүйнөгө таанымал опера ырчысы, СССР Эл артисти Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына арналган концерт өтөт. Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, концерт онлайн түрүндө өтүп "Маданият Тарых Тил" каналынан түз көрсөтүлөт.

Концертке Опера жана балет театрынын алдыңкы опера ырчылары, эл артисти Керим Турапов, эмгек сиңирген артисттер Бактыбек Ыбыкеев, Кайымбек Кускаков, эл аралык конкурстардын лауреаттары Глеб Ким, Бактыбек Алмабеков, Бактыгүл Бокоева, Оксана Шутова, Ангелика Федорова, Нуржигит Асанов, Данияр Дөлөтбаков катышат. Концерт саат 18:00дө башталат.

Болот Миңжылкыев 1940-жылы 23-апрелде Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында туулган. Атактуу ырчы 1997-жылы 16-августта Санкт-Петербургда каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Ал тирүү болгондо быйыл 80 жашка чыкмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан