Канадалык рэпер Дрейк жаткан матрас 400 миң доллар турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Дрейк "Architectural Digest" журналына Торонтодо жайгашкан хан сарайы, андагы интерьер тууралуу айтып берген. Анын хан сарайынын жалпы аянты 4600 чарчы метрди ээлеп, анда үн жаздыруучу студия, жабык бассейн жана сыйлыктар үчүн өзүнчө бөлмө бар. Бирок окурмандардын көңүлүн уктоочу бөлмөдөгү керебети бурган. Керебетке төшөлгөн матрас 400 миң доллар турарын айткан рэпер.
"Уктоочу бөлмөгө мен сырткы чөйрөдөн эс алуу үчүн келем. Керебетке жатканда өзүмдү сүзүп жаткандай сезем", - деген Дрейк.