Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев видео конференция режиминде өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезексиз жыйынына катышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары 2025-жылга чейин евразиялык экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документтин долбоорун талкуулашты.
"Документ жалпы жоболордон жана интеграциялык биримдиктин ишмердүүлүгүнүн багыттары боюнча 11 системдик блокко топтоштурулган чаралардын жана механизмдердин тизмесинен турат. Чаралардын жана механизмдердин тизмеси иш-аракеттердин планы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин интеграциясын мындан аркы өнүктүрүүнүн "Жол картасы" болуп саналат. Стратегиялык багыттардын чаралары жана механизмдери ЕАЭБдин бекитилген негизги документтерине ылайык ишке ашырылып жаткан иш-чараларды толуктайт жана өнүктүрөт", - деп жазылат маалыматта.
Жыйындын жыйынтыгында 19-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешин өткөрүүгө чейин газ жеткирүүнүн баасын түзүү боюнча маселени кайра кароо чечими кабыл алынды.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2020-жылдын июль айынын экинчи декадасында Минск шаарында өтөт.