Жалал-Абадда сууга түшүп кеткен 11 жаштагы өспүрүм изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 11 жаштагы бала сууга түшүп кетип, изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"23-апрелде саат 17:20 чамасында Үч-Коргон айыл аймагынын Катраңкы айылында Наманган каналына 2009-жылы туулган жаш бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө ишин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу, 4 офицер, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылган. Учурда издөө иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AksyKum
2020-04-24 09:32:06
Наманган каналы канчалаган омурлорду алды .Эми Озбекстандан табылса керек Буга чейинки аккандарга окшоп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан