Бишкекте 2 жашар кыз 8-кабаттан кулап, каза болду

Бишкекте 2 жашар кыз 8-кабаттын балконунан кулап, каза болду. Маалыматты Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз катчысы билдирди.

Кырсык тууралуу маалымат Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 23-апрелде саат 18:30 чамасында келип түшкөн.

"Анда Бишкектеги Насирдин Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин балконунан ымыркай кулап түшкөнү айтылган. Окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, 8-кабаттан кулап түшкөн кыз 2018-жылы туулган Ж.А. экенин аныкташкан. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, кыз белгисиз шартта кулап түшкөн. "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери наристе каза болуп калганын аныкташкан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Cvbn
2020-04-24 13:09:31
Иий Кудайым,ата энесине сабыр
+3
sirenaaaaa
2020-04-24 15:32:07
Азыр копчулук эле темир решетка ордуна тещиги жок нерселер менен тосуп калган го. Же ал жакта ошондой балкондор барбы? Кудай сактасын баарыбыз аман бололу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан