Ошто, Ысык-Көлдө жана Нарында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

24-25-апрелде Ошто жер титирөө болуп, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-апрелде саат 17:21де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Эркечтам, Нура айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген".

Ал эми 25-апрелге караган түнү саат 03:56да Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

"Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Оттук айылдарында 5 балл, Бар-Булак, Шор-Булак, Кара-Талаа, Ак-Өлөң айылдарында 4 балл, Эшперов, Тогуз-Булак, Төрт-Күл, Темир-Канат айылдарында 3 балл жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо, Кара-Саз, Төлөк айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

25-апрелде таңкы саат 06:55те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Алай районунун Тогуз-Булак, Арпа-Тектир айылдарында, Кара-Суу районунун Чайчи айылында 5 балл, Алай районунун Кең-Жылга, Кара-Шоро, Боз-Караган, Таш-Короо, Жаңы-Турмуш айылдарында, Кара-Суу районунун Алга-Бас, Бек-Жар, Лангар, Талдык айылдарында, Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө, Сары-Булак айылдарында 4 балл, Ош шаарында, Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Мырза-Аке, Саламалик айылдарында 3 балл, Жалал-Абад шаарында, Кара-Суу шаарында жана Ноокат районунун Ноокат айылында 3 баллга чейин сезилген", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krai
2020-04-25 10:36:47
Кудай сактай көр
+4
nursiyanur
2020-04-25 17:38:30
Кундо эле титиреп жатат окшойт ээ.Аллахым озун сакта
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан