Америкалык рэпер Канье Уэст миллиардер болду

Америкалык ырчы Канье Уэст миллиардер деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Америкалык рэпер каржы булактарын ачыктаган соң "Forbes" журналынын эксперттери ырчынын байлыгын 1 миллиард 300 миллион деп эсептеп чыгышты. Мындай жыйынтыкка журналисттер Канье Уэст ээлик кылган "Yeezy" маркасы жана ал иштешкен "Adidas" компаниясынын кирешесин эсептөө менен жетишкен. Бирок ырчы алардын чыгарган жыйынтыгына макул эмес. "1 миллиард 300 миллион эмес, 3 миллиард 300 миллион. "Forbes" журналындагылар эсептегенди билишпейт", - деген рэпер.

Белгилей кетсек, "Forbes" журналынын жыйынтыгы менен Канье Уэст 2019-жылдын эң бай рэпери аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Evroset.Evroset.
2020-04-26 19:48:26
Мм де. Бироолорго жан кайгы,бироолорго мал кайгы дегендей го. Биз,качан оору жок болуп,качан ишибиз калыбына келет деп,ар бир тыйыныбызды экономдоп отурабыз. А бул менин байлыгымды туура эмес эсептешкен дейт го?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан