2019-жылдын эң көп киреше алып келген тасмасы аталды

Адистер 2019-жылдын эң көп киреше алып келген тасмасын аташты. Бул тууралуу Deadline порталы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, адистер эсептөөлөрдү жүргүзгөндө, жарнама үчүн кеткен чыгымдарды жана башка факторлорду да эске алышкан.
"Өч алгычтар: Финал" тасмасы эң көп киреше алып келген тасма аталды. Аталган тасма жаратуучуларга 890 миллион доллар киреше алып келген, ал эми тасманын бюджети 356 миллион долларды түзгөн.
Экинчи орунду "Муздак жүрөк - 2" мультфильми ээлеген. Ал 599 миллион киреше алып келген. Үчүнчү орунда өзүнүн 580 миллион доллар кирешеси менен "Падыша Арстан" ("Король Лев" ) тасмасы турат. Алдыңкы ондука "Жокер", "Капитан Марвел", "Оюнчуктардын окуясы - 4", "Аладдин", "Жөргөмүш адам: Үйдөн алыста", "Жуманжи: Жаңы деңгээл" тасмалары кирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aktilek.kg.98
2020-04-27 10:12:44
Супер кудалар жокбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан