Таласта сууга түшүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында Талас дарыясына 2014-жылы туулган М.И. аттуу бала түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 6 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар окуя болгон жерге барганга чейин жергиликтүү тургундар баланын жансыз денесин суудан алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.