Бүгүн, 31-августта Бишкектеги "Аккула" ат майданында КРнын Президентинин Кубогуна арналган көк бөрү мелдешинин финалы болуп өттү. Анда "Кожомкул" жана "Суусамыр" командалары улак тартышты. Жыйынтыгында 6:2 эсеби менен "Суусамыр" командасы жеңүүчү болуп, 1 миллион сомду илип кетти.
2-орун - "Кожомкул" командасы, байгеси 600 000 сом
3-орун - "Бөрүлү" командасы, байгеси 400 000 сом
4-орун - "Талас" командасы, байгеси 150 000 сом
5-орун - "Тынай-Суусамыр жаштар" командасы, байгеси 80 000 сом
6-орун - "Бүркүт" командасы, байгеси 50 000 сом
7-орун - "Кара-Балта" командасы, байгеси 35 000 сом.
Иш-чаранын жыйынтыгында сыйлыкты команда капитандарына Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев тапшырды. Мелдеш учурунда лотерея да ойнотулуп, аягында №0010836 билетинин ээси Максат аттуу жаран башкы сыйлык Хонда Фит автоунаасын утуп алды.
"Суусамыр" командасынын курамы жана минген аттарынын кличкалары төмөндө (көк форма):
1. Нурмамбет Койчукеев, команда капитаны. Минген күлүгү - Лексус.
2. Кубаныч Султан уулу, күлүгү - Байтур
3. Тыныч Алыбаев, күлүгү - Мырзатору
4. Тилек Мукаев, күлүгү - Соң-Көл
5. Нурбек Юсупов, күлүгү - Холдинг
6. Айбек Иманалиев, күлүгү - Махно
7. Аскат Аскаров, күлүгү - Роналдо
8. Мирлан Рысалиев, күлүгү - Граф
9. Азат Насыпбеков, күлүгү - Айтумар
10. Эрмек Шекитов, күлүгү - Эрке тору
11. Азат Бейшеналиев, күлүгү - Бумер
12. Жолдош Осмоналиев, күлүгү - Телтору.