Чүйдө жол кырсыгынан 5 адам жабыркап, 1 адам каза тапты

31-августта саат 20:45 чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Хонда - Мицубиси унаалары сүзүштү. ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, жол кырсыгынан 1 адам каза болуп 5 адам жабыркаган. 

Каза болгон адам:

1. Урманбек Алыжанов, 1963-жылы туулган,  Чүй облусунун Сокулук  районунун тургуну, Мицубиси унаасынын жүргүнчүсү.

Жабыркагандар:

1. Максат Солтонбеков, 1990-жылы туулган, Талас шаарынын тургуну,  Хонда унаасынын айдоочусу

2. Эльвира Рыспек кызы, 1992-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну, Хонда унаасынын жүргүнчүсү

3. Гүлназ Нурдин кызы, 1985-жылы туулган, Талас шаарынын тургуну, “Хонда унаасынын жүргүнчүсү

4. К.Казакбекова, 1974-жылы туулган, Талас шаарынын тургуну, Хонда унаасынын жүргүнчүсү

5. У.Коконбеков, 1964-жылы туулган, Талас шаарынын тургуну, Хонда унаасынын жүргүнчүсү.

Жабыркагандар “Тез жардам” кызматынын жардамы менен Жайыл райондук ооруканасына жеткирилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aviator
2013-09-02 00:06:42
Кудайым озу сактасын. Биз кыргыздар эмне машина айдаш колубуздан келбейби, же олумго озубуз эле жанталашабызбы. Негедир ушундай суук кабарларды угуп, корсок деле кырсыктар азайбай кайра кобойуп жатат. Урматтуу айдоочулар жол эрежесин сактап, шашпай айдайлычы машиналарыбызды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан