"Орёл и Решка" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Регина Тодоренкону аялдарга карата зомбулук жөнүндө айтылган сөзү үчүн интернет колдонуучулары "жеп" кетти

Белгилүү орусиялык алып баруучу Регина Тодоренко маалымат каражаттарынын бирине берген интервьюсунда зомбулук көрүп жаткан аялдар тууралуу өз пикирин билдирген.
"Сабап жаткан күйөөсүн камерага тартып, элге жарыялаган аял психологиялык жактан жабыр тарткан адам. Эмнеге ал аял өзүнө "Күйөөм мени эмне үчүн сабап жатат? Ал мени сабаш үчүн эмнени туура эмес кылдым?" деп суроо бербейт", - деп билдирген.
Бул сөздөрдөн кийин интернет колдонуучулары ага карата көптөгөн сын-пикирлерди жазып баштаган. Сын-пикир жазгандардын арасында белгилүү адамдар дагы бар.
Окуя муну менен эле бүтүп калган эмес. Буга чейин Тодоренко менен кызматташып жүргөн компаниялар биринин артынан бири келишимдерди буза башташкан.
"Glamour" журналы ага 2019-жылы берген "Жылдын айымы" титулун андан кайра алып койгондугу тууралуу сайтына жазып чыгышкан.
"PepsiCo" компаниясы: "Биз аялдарга карата болгон зордук-зомбулукка караманча каршыбыз. Мындан улам келишимди токтотуу чечимин кабыл алдык", - деп билдирген компаниянын өкүлү Александр Костиков.
"Procter & Gamble" компаниясына таандык болгон "Pampers" бренди да келишимден баш тарткан.
Алып баруучу үчүн анын күйөөсү, ырчы Влад Топалов болушуп "Айтчы сөзүңөр болсо мага айткыла, жубайымды жайына койгула" деген билдирүү жазган.
Регина Тодоренко айткан сөздөрү үчүн коомчулуктан кечирим сураган. Ал болгону өз оюн туура эмес түшүндүрүп алганын айткан. Бирок интернет айдыңында ага карата болуп жаткан буллинг басаңдай элек.
Буллинг - бул интернет колдонуучулар тарабынан кеңири колдонулган термин. Ал бир адамга карата айтылган массалык сын-пикир дегенди түшүндүрөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Belek1710
2020-04-28 16:32:09
Туура эле жазган.
+2
nurgaz
2020-04-28 20:51:31
Belek1710,туура, ушундай аялдар коп болсо
+4
Chungyz
2020-04-28 18:01:42
Украиналык болсо керек орусияга тиешеси жок
0
yomaHA
2020-04-28 18:30:04
Биздин кнопкага караганда жакшы эле суйлоптур окшойт.
+3
turaliev
2020-04-29 18:00:58
Молодец, туп туура айткан 110%. Эмнеге кечирим сураш кекрек!? Туура айтып алыпмын деппи?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан