"Орто-Сай" базары жактагы жол кырсыгы. Коменданттык саатта кырсыкка кабылган айдоочу мас абалында болгон

Кечээ, 27-апрель күнү коменданттык саат учурунда Бишкек шаарында "Орто-Сай" базарынын айланасында жол кырсыгы катталган. Окуя боюнча Бишкек шаарынын комендатурасы төмөнкүдөй маалымат берди.

"27-апрель күнү саат 22:30 чамасында 1988-жылы туулган А.Ж. аттуу айдоочу мас абалында Субару үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып баратып, Безымянный көчөсү менен Юнусалиев көчөсүнүн кесилишинде рулду башкара албай, коммерциялык банктардын бирининин имаратын сүзгөн.

Автоунаа айып короого киргизилип, айдоочуга карата 127-берене (жол эрежелерин башка жол менен бузуу), 128-берене (мас абалында транспортту башкаруу) боюнча протокол түзүлдү. Коменданттык саатты бузганы үчүн айдоочу милиция бөлүмүнө киргизилди"
, - деп билдиришти комендатуранын басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан