Быйыл футбол боюнча КРнын көз карандысыздык Кубогун Ош шаарынын "Алай" командасы утуп алды
31-август күнү Ош шаарында футбол боюнча КРнын көз карандысыздык Кубогунун финалдык оюну орун алды. Анда бишкектик "Дордой" футболдук клубу менен Ош шаарынын "Алай" футболдук клубдары беттешишти. Оюндун негизги убактысында жана кошумча 15 мүнөттүктөрдө 1:1 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Оюндан кийинки пенальтилер сериясынын жыйынтыгында 2:4 эсеп ажырымында "Алай" футболдук клубу жеңүүчү болду. Эске салсак, көз карандысыздык кубогу быйыл 22-ирет уюшулуп отурат. Чемпиондукту Ош шаарынын "Алай" командасы өз тарыхында алгачкы жолу жеңип алды.