Белгилүү модель Жижи Хадид жана ырчы Зейн Малик ата-эне болууга даярданууда

АКШнын белгилүү модели Жижи Хадид британиялык ырчы Зейн Маликтен кош бойлуу экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, болочоктогу ата-эне уул же кыз күтүп жаткандыктарын билишпейт. Күйөрмандар жылдыздарды куттуктап, аларга каалоо-тилектерин айтып жаткан кези.

Жижи Хадид жана Зейн Малик мындан 5 жыл мурун таанышкан. Алар дароо эле мамиле түзүп, түгөйлөргө айланган. Көпчүлүк алар жакында үйлөнөт деген божомолдорун да айтышкан. Бирок күтүүсүздөн алар мамилелерине чекит койгондугу тууралуу жарыялашкан. Көп өтпөй папарацции жылдыздардын чогуу жүргөн сүрөттөрүн чыгарышкан.

Ал эми бир нече күн мурун өзүнүн 25 жашын белгилеген Хадид туулган күнүндөгү сүрөттөрдү жарыялаган. Ал жакта Зейн Малик да болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vikidiki
2020-04-29 12:18:55
Бул араб кызы да!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан