Депутаттыкка талапкерлердин тизмесин аныктоодо кесипкөйлүк квотасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Жогорку Кеңеште депутаттыкка талапкерлердин тизмесин аныктоодо кесипкөйлүк квотасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" конституциялык мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Бакыт Төрөбаев.

"Парламенттин натыйжалуу мыйзам чыгаруу иши көпчүлүк учурда депутаттык корпустун потенциалынан, анын курамында квалификациялуу юристтердин, экономисттердин жана финансисттердин бар экендигине байланыштуу. Депутаттык корпусту кесипкөй юристтер, экономисттер жана финансисттер менен аралаштыруу керек.

Талапкерлердин 10 пайыздан кем эмеси жогорку юридикалык, жогорку финансы-экономикалык билимге жана адистиги боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажына ээ адамдардын, илимдердин кандидаттары жана илимдердин докторлору даражасындагы окумуштуулардын болуусун, мында алар биринчи 40 талапкердин тизмесине киргизилиши зарыл.

Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттык корпусунун кадрдык потенциалын көтөрүүгө мүмкүндүк берет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан