Алайда 16 жаштагы кыз апасынын өлүмүнө шектелүүдө. Жабырлануучуну кызы кулпу менен башына 2-3 жолу чаап салган

Ош облусунун Алай районунда 16 жаштагы кыз апасынын өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуучу кыз 52 жаштагы апасын кулпу менен башка чаап, ал алган жаракатынан улам каза болгон.

"25-апрель күнү саат 10:00 чамасында Алай районунун Жошолу айыл аймагындагы айылдардын биринде 52 жаштагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат Алай РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, төмөндөгүлөрдү аныктаган.

24-апрель күнү саат 22:00 чамасында 16 жаштагы кыз апасы менен уруша кетип, эшикке илинүүчү темир кулпу менен апасынын башына 2-3 жолу уруп, башка бөлмөгө кирип жатып алган. Жаракат алган 52 жаштагы апасы кансырап, жаткан жеринде каза болуп калган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми кылмышка шектүү катары маркумдун кызы кармалып, 2 айга камакка алынды",
- деп билдирди басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Dinash
2020-04-29 15:49:22
Эмне болсо да балдарыбызга ынсап берсин,кандай гана умуттор менен чонойтосун,
+20
Noon
2020-04-29 15:54:57
Ээ кудайым, бул эми эмне деген шумдук болду? Балээ болгон тура. Кыз торобой эле байкуш эне балекет торогон тура. Уул-кыздарыбызга ыйман берсин. Бала тарбиялоодо кыргыздын менталитетин чанып, батышты туурап,эркин остуробуз деп жатып,озубуз кылып жатат окшойбуз.
+21
Patirot
2020-04-29 16:01:16
Биздин айылдан болуптурго ий ким экен
+8
AidaKurman
2020-04-29 16:05:03
Ай кудайым ай.Кудайым бейиштен орун берсин. Балдарыбыз га ыйман тилейли. Кандай азап тартып тороп, кандай умуттор менен чонойтобуз. Балам балалуу болгондо билесин деген созду, балалуу болгондо гана маанисине тушунот экенсин.Бала учун эмнелерди гана кылбайбыз?Бул байкуш эненин да кызынан умуту чондур эле.Энене которгон колун сынсын биринчиден. Жаштык кылыпсын деп айтканга ооз барбайт сендей акмака.Тооба кылдым айткандарыма.
+14
KalenAlmaz
2020-04-29 16:44:40
Апасы отто аракка берилип кеткен екеен бейишин берсин.
-3
Patirot
2020-04-29 18:28:17
KalenAlmaz,сен жошолуудан болосунбу кайсы айылда болдуу
0
uran98
2020-04-30 03:21:19
Patirot,Сен Жаны турмуштансынбы
0
Glucke
2020-04-29 18:36:43
Иий биз жактан болуптур. Ынсап берсин жаштарга.
0
ferum96
2020-04-30 00:19:28
Байкуш энелерибиз бизди кандай кыйынчылык менен тороп, эрезеге жеткирет.. Анан мынтип оз кызынын колунан ажал таап калганы аябай жанды кейитет . Аллахым бул эжебизди оз ырайымына алып, Бейиштен орун берсин... а кызына болсо сабыр жана ыйман берсин..
+1
Araika
2020-04-30 01:13:26
Аллахым Бейишин берсин кылган куноолорун кечирсин!!! Мындай турмуш,сыноо эч кимдин багына тушпосун. Энелерибиз,кыздарыбыз кыйналбасын.ыйлабасын.
0
Birimdik5555
2020-04-30 02:23:59
Кантип кыз апасын олтурсун,балким мас болсо башына арак кетип калбады бекен.Кудай озу кечирсин.Он гулунон бир гулу ачыла элек кызга жалко. Апасынын жайы жаннатта болсун
+2
Azamat82
2020-04-30 11:10:37
Кудайым озу жамандыктан сактасын балдарыбызга ыйман бере кор кулак укса да козубуз корбосун
0
rola
2020-04-30 11:17:47
Биринчиден апасына кол которбош керек эле.Экинчиден апасы да акылы жок экен.Кызына туура тарбия бербей ичип журсо,Кудай да башына салган.Тооба кылдым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан