Белгилүү индиялык актёр Ирфан Хан каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, актёр Мумбаиде 54 жаш курагында көз жумган. Ал эмнеден улам каза болгондугу тууралуу ачык айтылган эмес.
2018-жылы актёр дарыгерлер андан нейроэндокринникалык шишик тапканын жана ал Лондондо дарылануудан өткөнүн айткан.