Ырчы Мирлан Баековдун үйүндө наристе үнү жаңырды. Экинчи ирет ата макамын алган ырчы кырк жылкылуу болгонун айтат.
"Жубайым бүгүн, 29-апрелде борбордогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Эне, баланын абалы жакшы.
Кызыбыздын салмагы 4 килограмм, бою 52 сантиметр болду. Азыр жубайым экөөбүз кандай ысым ыйгарсак деп акылдашып отурабыз. Кызыбыз дагы жаныбызда", - деди кубанычка бөлөнүп турган ырчы.
Мирлан Баеков менен жубайы буга чейин бир уулду тарбиялап келишкен.