Парламент комитетинде Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоо боюнча мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 29-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитети Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоону жана санитариясын жакшыртуу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын жүзөгө ашырууга Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 32 миллион 900 миң доллар бөлүнүүдө.
- Азия өнүктүрүү банкынын атайын фондунан 13 миллион 700 миң доллар өлчөмүндө грант;
- Азия өнүктүрүү банкы 13 миллион 700 миң доллар насыя;
- Кыргыз өкмөтү 5 миллион 500 миң доллар өлчөмүндө кош каржылоо жасалып, бул каражат салыктарга жана долбоорду ишке ашырууну колдоого жумшалат.

Азия өнүктүрүү банкынын насыя берүүдөгү финансылык шарттары: насыя 32 жылга, анын ичинде 8 жылга 1 пайыз жана 1,5 пайыз үстөк коюлуп, жеңилдетилген мөөнөткө берилет. Долбоорду аткаруу мөөнөтү 6 жыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан