Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңеште Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоону жана санитариясын жакшыртуу тууралуу мыйзам долбоору каралды.
Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев баяндама жасады. Анын айтымында, Нарын облусунун айылдарын суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасын жүзөгө ашырууга Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 32 миллион 900 миң доллар бөлүнүүдө:
Азия өнүктүрүү банкынын насыя берүүдөгү финансылык шарттары: насыя 32 жылга, анын ичинде 8 жылга 1 пайыз жана 1,5 пайыз үстөк коюлуп, жеңилдетилген мөөнөткө берилет. Долбоорду аткаруу мөөнөтү 6 жыл.