Лейлек районунда куюн аралаш шамал болуп, үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен

Баткен облусунун Лейлек районунда 29-апрель күнү саат 21:00 чамасында куюн аралаш шамал катталган. Анын кесепетинен орто мектептердин, турак үйлөрдүн чатырлары учкан. Бул тууралуу бугүн, 1-майда ӨКМнын басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

"Гидрометеорология боюнча агенттигинин Исфана метеорологиялык станциясынын маалыматына ылайык, куюндун ылдамдыгы секундасына 28-33 метрге чейин жеткен.

Шамалдын кесепетинен Лейлек районунун айыл аймактары боюнча 7 орто мектептин 75 даана, 33 турак үйдүн 476 даана жана 15 чарбалык курулуштардын 248 даана шиферлерин учуруп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан