Тажикстанда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык спортчу Мирлан Түркбай уулу жеңүүчү болду. Худжанд шаарында өткөн мелдешке Кыргызстандан 20 спортчу катышты. 49 килограммдык салмактагы М.Түркбай уулу финалдык беттеште тажикстандык Хусниддин Гафуровду утуп алды. Ал эми 56 килограммдык салмактагы Мирбек Шеров тажикстандык Хасан Мусоевго уттуруп жиберип, экинчи орунду алды. Ошондой эле 81 жана 91 килограммдык салмакта беттешкен Олжобай Кудайбердиев менен Талгат Турдиев да күмүш медалдарга ээ болушту.